Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловго өкүм чыкты

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азиз Алымкуловго карата өкүм чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 26-майындагы өкүмү менен Алымкулов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ал VI категориядагы айыпка жыгылды, башкача айтканда , 260 миң сом мамлекеттик казынага төгүп берет.

Айта кетсек, 2-апрелде тергөө соту Алымкуловду 2021-жылдын 31-майына чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Ж менен биргеликте Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөткөн.

31-мартта Бишкекте Аскер прокуратурасынын кызматкерлери мурдагы вице-мэр Азиз Алымкуловду кармашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы вице-мэр кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Ал муниципалитеттин кызматкерлерине алардын филиалдары үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз каттоодо кысым көрсөткөн деп айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД