Мечиттерден акча жана телефон уурдап жүргөн жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Ал мечиттерден акча, уюлдук телефон уурдаган. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-майда борбор калаанын тургуну мечитке жума намазга келген. Аял намаз окуп жатканда ууру анын капчыгын уурдап кеткен, анын ичинде 36 миң 400 сом жана 17 миң 240 сомдук уюлдук телефону болгон. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүгү ("уурдоо") менен катталды.

Андан сырткары 19-июль күнү кечинде мечиттен дагы бир адамдын 10 миң сомдук телефону уурдалган.

"Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган М.У. аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (705) 077-102, 0 (701) 02-83-26 жана 102 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД