9-кабаттан секирген жигит. МЧС окуя тууралуу үн катты

Курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан секирген жигит Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин жанына жолотпой койгон. Бул тууралуу Kaktus.media агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

"Социалдык тармактардын колдонуучулары да тент жана батуттарды колдонбогонубузга таң калып жатышат. Бирок, коопсуздук үчүн сегизинчи кабаттан жогору бийиктикте аларды колдонуунун пайдасы жок, жигитти сактап кала алмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болуш керек болчу, бирок алар жок экен. Ар кандай нюанстар болушу мүмкүн эле. Эгер биз ага жакындап барганда, ал секирмек, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Алты куткаруучу, психолог, жигиттин туугандары, жада калса телефон аркылуу атасы менен да сүйлөштү. Тилекке каршы, сактап калууга мүмкүн болгон жок. Башка техниканын жардамы менен түшүрсөк болмок, бирок ал эч кимди жанына жакындаткан жок",- деп түшүндүрдү МЧС.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД