29-октябрда жаан жаашы күтүлүүдө

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 29-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорго кар түшөт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +9…+14;

Бишкекте 29-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД