Гүлзат Суранчиева: Ротацияны биз туура деп кабыл алабыз

Гүлзат Суранчиева, Ак-суу районун акиминин орун басары:

"Кыргыз республикасынын президентинин жарлыгына ылайык Аксуу районунда кече жаңы аким ротация жолу менен келип тааныштырылды. Райондук мамлекеттик адмнистрациясы жана биздин коомчулук жаңы даындалган райондук жетекчи менен биргеликте иштөөгө даярбыз. Райондун социалдык экономикалык өнүгүшүнө биргеликте иштеп салым кошот деген ниеттебиз. Бул ротацияны биз туура деп кабыл алабыз жана мындай ротациялар болуп турса жакшы деп эсептейбиз.

Райондо 25- май акыркы коңгуроо онлайн турдө өткөрүлдү. Баардык мектептерде онлайн өткөнүнө байланыштуу кечки рейддер өткөзүлдү. Район боюнча 11- классты 766, ал эми 9- классты 1099 окуучу аяктады. Район кызыл зона болгондуктан бүгүнкү күндө аймактык ооруканада 19 адам дарыланып жатат. Ал эми резервде 44 орун даяр дары-дармек менен толук камсыздалган."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД