Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери бир айга созулат.
БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, эртең, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган саясий партиялардын, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин арасында шайлоо бюллетенине киргизүүдөгү кезектүүлүктү аныктоо боюнча чүчүкулак өтөт.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот, партиялык тизме менен 54 талапкер, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутат болуп келет.