Наркы 9 миллион сомдон ашык анык эмес декларациялоо фактысы аныкталды

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарды мыйзамсыз өткөрүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 19 тонна 238 кг жол сумкалары, байпак буюмдары, бекиткичтер жана сыдырмалар – анык эмес декларацияланган товарлар аныкталган. 9 284 294 сом наркындагы товарлар "Д.Г.Ю." ЖЧКнын дарегине келген.

Мамлекеттик бажы кызматынын билдиргенине караганда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү төлөмдөрдүн алдын ала суммасы 1 957 658 сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри Эсепке алуу журналына катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД