Эми Орусияга баргандар милдеттүү түрдө манжа изин тапшырышат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясына ишке орношуу максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ Орусиянын "Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү" жана "Орусиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү" мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Орусия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;

Орусияга барган 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;

- медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясынын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык Мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД