Эми маданият кызматкерлери да милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн токтом аркылуу республика аймагында жугуштуу ооруларды жуктуруп алуунун жогорку тобокелдигине байланышкан жана алдын алуу эмдөөлөрүн сөзсүз жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизими бекитилген.

Аталган тизим маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы иштер (музейлер, көргөзмө залдар, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдар оюн аянттары, балдар лагери, дене тарбия жана ден-соолук чыңдоочу комплекстер, фитнес клубдар) менен толукталган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилегендей, Тизимге алгач инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды тейлөө боюнча жана билим берүү мекемелеринин бардык типтериндеги жана түрлөрүндөгү иштер киргизилген.

Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу түзүлгөн абалды эске алуу менен маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер мындан ары эмдөөдөн, анын ичинде COVID-19 каршы эмдөөдөн өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД