Кызыл кызылча кайсы дарттарга тез шыпаа берет?

Кызыл кызылчанын ширеси эң күчтүү кан түзөткүчтөрдүн бири. Бышырылган жана майдаланган кызыл кызылчаны шишикке ороп койсо, ал шишикти төмөндөтөт.

Күн сайын 400 грамм сабиз ширеси менен кызыл кызылча ширесин аралаштырып ичсе, кыска убакыттын ичинде кызыл кан клеткалары көбөйөт. Мирра, куркума же корица менен бышырылган кызыл кызылча боордогу тоскоолдуктарды ачат. Бөйрөктү жана өттүн тазалайт. Кызыл кызылчанын ширесин ичүү жатындагы жана көздүн пардаларындагы фибромаларды жана миомаларды эритет, кандагы кантты жана кан басымын төмөндөтөт.

Кызыл кызылчанын ширесин капуста, шпинат, сабиз же портулак ширеси менен аралаштырса болот.

Кызыл кызылчанын ширесин ичүүдө алгач 30-50 граммдан баштап 400 граммга чейин көбөйтүүгө болот. Биринчи күнү 50 гр. кызылча ширеси менен баштап кийин көбөйтө бересиз м: 150 гр. Сабиз ширеси менен аралаштырылат, андан кийин 75 гр. кызыл кызылча ширеси, 125 гр. сабиз ширеси, андан кийин 100 гр. кызылча ширеси, 100 гр. сабиз ширеси, андан кийин таза кызыл кызылча, суу менен аралаштырылып ичилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД