"Ата-Түрк" паркындагы курулуш иштери жөнүндө мэрия түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы жерине баруу менен Ата-Түрк паркынын жанындагы аймакта жүргүзүлүп жаткан иштердин фактысын текшерип, Facebook социалдык тармагына жарыяланды. Текшерүүнүн жүрүшүндө "БСК Капитал Групп" ЖЧКсына курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө уруксаты текшерилип, ишкананын башкаруучу директору Э.С. Солтонбековдун түшүнүк каты алынды.

Түшүндүрүү катына ылайык, жеке менчиктин аймагында жерди тегиздөө жана эски пайдубалын бузуу иштери жүргүзүлүп, эч кандай объектинин курулушу жүргүзүлгөн эмес..

Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттагы иштердин бардык түрлөрү токтотулган.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына материалдар жөнөтүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компанияларын КРнын мыйзамдарынын талаптарын так сактоого жана тиешелүү уруксат кагаздары жок курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзбөөгө чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД