"Макулатура тапшыр - көчөт ал" - "Бир жарандан - Бир көчөт" акциясы

КРнын Айыл чарба министрлиги 30-октябрда саат 10:00дө "Шаардык сейил бактар" МИ менен биргеликте экологиялык акция өткөрүүдө. Ага бардык каалоочулар катыша алат.

Акциянын алкагында "Ынтымак" жана Ч.Түлөбердиев атындагы сейил бактарга 500дөн ашык көчөт отургузулат. Белгилей кетсек, 2021-жылдын 6- ноябрында 1000ден ашык алма багынын көчөттөрү Токмок шаарынын Ак-Бешик жер участогуна отургузулат.

Акцияга катышуу үчүн макулатураны (3 кг) же желим бөтөлкөлөрдү (5 даана) тапшырып, көчөт отургузуу мүмкүнчүлүгүн аласыздар. Ошондой эле сейил бактарда макулатура жана пластмассаларды кабыл алуу пункттары уюштурулат.

"Бир Жарандан-Бир Көчөт" акциясынын артынан биргелешип жаратылышты сактай алабыз.

Жайгашкан жери: "Ынтымак" жана Ч.Түлебердиев сейил бактары

Байланыш телефону: 0554 64 03 64 Бекбол


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД