Бишкектин айрым көчөлөрүндө 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Токтоналиев/Жаманбаев көчөлөрүнүн аймагынын жашоочулары газ түтүгүнө туташтыруу боюнча кайрылышкан. Буга байланыштуу Жаманбаев көчөсүнүн 8/1 жана 8/2 дарегинде газ өчүрүлүп, айрым үйлөргө газ жеткирилет.
Газ өчүрүлө турган аймактар:
-Төмөнкү Жал;
-Дооронбек Садырбаев
-Гагарин,
-Тынчтык проспектиси,
-Пожарский,
-Медеров
-Абай,
-Ахунбаев – Таш-Көмүр,
-Ажыбек баатыр көчөлөрү.