Бишкек шаарында активист Бакай Кашкарбаев кармалды. Бул тууралуу анын жакындары билдирип, милициядан тастыкташты.
Маалыматка караганда, активист Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" жана "Майда бейбаштык" беренелери боюнча айыпталууда.
Кашкарбаев Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.