"Бакырчаак" атка конгон активист Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарган.
Эске салсак, 29-октябрда активист милиция тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Милициянын маалыматына караганда, айыл чарба министринин мурунку кеңешчиси Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо", "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу" жана "Майда бейбаштык" беренелери боюнча айыпталууда.