Бишкекте жакыр үй-бүлөлөргө отун таратылууда

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери колунда жок үй-бүлөлөргө отун түшүрүп берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 360 жакыр үй-бүлөнүн тизмесин берген.

Ишканада болжол менен Бишкектин муниципалдык аймагындагы куураган бак-даракты жана бутактарды кыюудан чогултулган 540 куб метр отун бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД