Аида Касымалиева спикердин милдетин аткарат

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин ЖК төрагасынын милдетин аткарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалат.

"Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Талант Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна байланыштуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткарат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

2021-жылдын 29-октябрынан тарта үгүт кампаниясы башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД