Мыкты сапаттары менен кадыр-баркка ээ болгон участкалык инспектор

Бүгүн, 1-Ноябрь Кыргыз милициясы 97- жылдык кесиптик майрамын белгилейт. Жада калса бул күнү дагы ички иштер органдарында кызмат өтөп өзүнүн билими, жоопкерчилиги жана башка мыкты сапаттары менен кесиптештеринин арасында кадыр баркка ээ болуп келген милиция кызматкерлери дагы аз эмес. Андай милиция кызматкерлеринин бири, Бишкек ш. Ленин РИИБнын №2 ШМБнүн КККнын, Бишкек Мамлекеттик Университетинин аймагын тээлеген, милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын ага лейтенанты Суеркулов Жайнак Суеркулович жөнүндө сөз болмокчу. Ал ички иштер органдарында 2016-жылдан бери эмгектенип келет.

Бүгүнкү күндө замандын талабына ыйлайык Ленин РИИБнын, №17 милициянын аймактык пунктунунда, "Коопсуз квартал" программасынын негизинде түзүлгөн атайын видео көзөмөлдө камералары орнотулган.

Ошондой эле, аталган участкалык аймакта 3 милиция кызматкери эмгектенип келет. Ал эми, ар бир милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, күн сайын жарандардын коомдук коомсуздугун сактап, аймагын кыдыруудан баштайт. Жайнак Суерклович, 2019-жылдан бери бул аймактын бейпилдигине көз салып келет.

Негизинен, милициянын участкалык ыйгарым өкүлдөрү өз ишин мыкты билген кесипкөйлөрдүн катарын толукташат. Алар өзү тээлеген аймактагы ар бир кырдаалды билип, баардык жарандар менен тил табыша жүрүүгө милдетүү.

Бишкек ш. Ленин РИИБнын Басма сөз кызматы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД