Абактын ичине ыргытылган баңги заты табылды

2021-жылдын 27 –октябрында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Чуй областтынын Москва районуна караштуу Беловодское айылында жайгашкан № 16-түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемесине дагы бир жолу тыюу салынган буюм киргизүү аракетине бөгөт коюшту.

№16-түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан кочкул жашыл түстөгү кескин жыты бар, сыртынан скотч менен чапталып, желим баштыкка салынган 660 грамм салмактагы затты негизги тосмодон ыргытып кеткени аныкталды.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, чогултулган маалыматтар Москва районунун ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД