Лукашенко митингчилерге каршы аскердик техника колдонууга уруксат берди

Александр Лукашенко нааразылык акцияларын басууда аскердик жана атайын техниканы колдонууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Документке караганда, тартип коргоо органдары демонстранттарды кармоодо ошондой техниканы пайдаланганда келтирилген чыгым жана кармоо "мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлсө", курал колдонуу үчүн жооп беришпейт.

Ошондой эле милиция кызматын аткарып жатканда аларды катардагы жарандар тарабынан видеого же сүрөткө тартууга тыюу салууга укуктуу.

Беларуста бытыр 9-августта болгон президенттик шайлоодон кийин массалык акциялар тутанган. Шайлоону өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко жеңгени расмий жарыяланганы менен митинг катышуучулары жана оппозиция анын отставкасын талап кылып, шайлоо бурмаланганын айтып келишти. Күч түзүмдөрүн митинг, демонстрациялардын катышуучуларына аёосуз мамиле кылышкан.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматына ылайык, акцияларды басууда кеминде сегиз киши өлгөн жана 30 миңден көп киши репрессияларга кабылды, арасында журналисттер бар. Бир миңдей кылмыш иш козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД