БШК Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сотко кайрылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 29-октябрда Бишкек шаардык Административдик соттун чечимине даттануу үчүн Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

28-октябрда Бишкек шаардык Административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу жана "Ынтымак" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган.

БШК "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык талапкер Жогорку Кеңештин депутатын же президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы болуп саналса, көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтоторун эске салат.

Жогорку Кеңештин төрагасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрине ылайык саясий мамлекеттик кызмат орундарынын катарына киргизилген.

БШК конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартып, ал "Ынтымак" саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД