БШК: 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин койгон 321 талапкерди каттады. Анын ичинде 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди.

Атап айтканда, КР БШКга төмөнкүлөр арыз беришти:

Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

Ошентип, 2021-жылдын 1-ноябрына карата 312 талапкер шайлоого катышат.

Облустар боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

• Баткен облусу – 37 талапкер,

• Ош облусу – 54 талапкер,

• Жалал-Абад облусу – 48 талапкер,

• Талас облусу – 14 талапкер,

• Чүй облусу – 62 талапкер,

• Бишкек ш. – 27 талапкер,

• Нарын облусу – 29 талапкер,

• Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД