Сары-Челекте атылган бугуну жиликтеп жаткан 4 адам кармалды

2021-жылдын 31-октябрында болжол менен саат 18:30 чамасында Сары-Черек биосфералык коругунун кызматкерлери тарабынан "Туура-Арык" участкасында мыйзамсыз атылган бугуну жиликтеп жаткан 4 адам кармалган. Бугу болжол менен 5 жашта болгон.

Бугуну жиликтеп жаткандар Аксы районунун Аркыт айылынын тургундары болуп чыгышкан. Тинтүүдө алардын жанынан ок атуучу курал табылбаган эмес, бирок жаныбардын териси жана эти далил буюм катары алынды. Учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД