Бишкектин бир бөлүгүндө беш күн жылуулук жана ысык болбойт

Бишкектин бир бөлүгү беш күнгө жылуулугу жана ысык суусу жок калат. Себебин борбордук мэриянын басма сөз кызматы түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы Жаманбаев көчөсүндө, жер алдындагы газ түтүгүн оңдолгонуна байланыштуу табигый газды тургундарга берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкектеплоэнерго" коммуналдык кызматы да 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин жылуулукту жана ысык сууну токтотууга аргасыз экенин маалымдады.

Такталган билдирүүгө ылайык, жылуулук "Төмөнкү Жал" жана Гагарин көчөсүндөгү үйлөрдө жок болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД