Парламенттик шайлоого катышуудан дагы 6 талапкер баш тартты. Кимдер?

Бир мандаттуу округдардан парламенттик шайлоого катышуудан алты талапкер баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.

Шайлоого катышуудан баш тартуу арызы менен Эркинбек Чодуев, Токтоналы Нусубалиев, Салиман Малдыбаева, Акылсайры Жумабекова, Улан Карагулов жана Асан Шакиров кайрылган.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жыйын учурунда 306 талапкер шайлоого бир мандаттуу округдан катышарын айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД