Мурдагы муфтий тергөөдөн уруксат алгандан кийин Москвага барганын айтты

Кылмыш иши козголуп, "эч кайда чыкпоо" тилкаты менен камактан бошотулган мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев Москвага барып келүү үчүн тергөөдөн атайын уруксат алганын айтты.

Бул тууралуу ал "Жалбырак ТВ" каналына курган маегинде билдирип, 22-25-майда Орусияга барууга кагаз түрүндө уруксат алынганын белгиледи.

24-май күнү "Инстаграмдагы" Maksatbek_ajy деген баракчага ал Москвага диний жөрөлгөлөрдүн бири – Мавлид майрамын белгилегени барганы тууралуу маалымат чыгып, видео менен кошо жарыяланган.

"Азаттык" Токтомушевдин өзү менен байланыша алган жок. Анын укугун коргоп жүргөн юрист, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Акин Токталиев экс-муфтийдин Москвага сапары тууралуу маалыматы жоктугун билдирип, тергөөчүнүн уруксаты менен өлкөдөн чыккан болушу мүмкүндүгүн айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы мурдагы муфтий кандай шартта кеткенине түшүндүрмө берген эмес.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы каржы чырына байланыштуу УКМК ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди 10-февралда кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-февралга караган түнү анын бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Бул окуялардан улам Токтомушев кызматтан өз эрки менен кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД