Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы бүгүн, 3-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күчүн сынай баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакта алгач Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күчүн сынайт.
Кыргызстандан атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанган. Экинчи балбан Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.