Жапыкеев түн ортосунда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

"Чоң казат" партиясынын мурдагы мүчөсү Сыймык Жапыкеев түн ортосунда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Жапыкеев кайрылуусунда, Мелис Аспековго ырайым кылууну суранган.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, урматтуу Президент, сизге түн ортосунда 02:30 чамасында уктабастан кайрылуу кылууну туура көрдүм.

Менин Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаңыз кайтыш болгондо, Түптөн жаназада таанышкам. Сиз жөнүндө сизди мактап бүтпөйт эле, сизге эң биринчиден тарапташыңыз, иниңиз, партиялашыңыз, жакшы саналаш катары билчүмүн. Мени бир нече жолу "Мекенчил" партиясына чакырган. Болду андан башка митингдерден эле көрчүмүн. Акча, бийлик тууралу эч сүйлөшкөн да эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда бир доллар ойногон эмес.

Былтыр революция күнү эң чырылдаган ушул жигит эле, сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн абдан чоң мээнет кылганын билем. Жаныңызда бир айга жакын жүрдү, анан эле камалды 250 миң доллар Дашковдон алды деп камалганын уктум, интернеттен көрдүк. Чынында кандай болгонун билбейбиз.

Бирок, 250 миң доллар алган күнү деле, акча келтирилген зыян нак тергөөдө турат да, жоголгон жок. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу нервдин айынан өтө начарлап кетти деген маалыматты Ютубдан көрдүм.

Менин жеке оюм, урматтуу Садыр ава, Садыр Нуркожоевич өтүнөт элек, ушул жигитке жаман болду түрмөдө, түрмөдө жылан жатпасын. Мелиске ырайым көрсөтүңүз, камактан чыгарып берсеңиз туура болмок деген ойдобуз. Менимче Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Кандай болгон күндө да бул сиз үчүн мени менен да телефондон катуу урушканбыз.

Түрмөдө жатып каза болуп калса балдары, үй-бүлөсүнө убал. Ырайымдуулук, кечиримдүүлүк, айкөлдүк көрсөтүңүз, урматтуу Садыр Нуркожоевич. Үй камагына чыкса дурус болот эле",- деп билдирүү калтырган Жапыкеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД