АКШ: "Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алуу коркунучу төмөн"

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору Кыргыз өлкөсүн коронавирус жуктуруп алуу коркунучу төмөн өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу америкалык борборлордун расмий сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, борборлор америкалыктарга кээ бир өлкөлөргө баруудан баш тартууга кеңеш беришкен. Алардын катарында Орусия бар. Орусия коронавирус жуктуруп алуу коркунучу "эң жогору" өлкөлөрдүн тизмесине кирген.

Ал эми коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү вирусту жуктуруп алуу коркунучунун деңгээли белгисиз өлкөлөрдүн тизмесине кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД