Жол кыймылынын эрежелерин кыргыз тилинде түшүндүргөн Аброр Хакимов

Бүгүн биз кыргыз тилинде түш жооруган Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн кенже инспектору, милициянын старшинасы Аброр Хакимов тууралуу сөз болмокчу.

Кесиптешибиз Аброр Хакимовдун улуту өзбек. Ал кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп алгандыктан, мамлекеттик тилде эркин сүйлөйт. Ош шаарынын айдоочуларына дагы кыргыз тилинде жол эрежелерин мыкты түшүндүрүп, көбүнүн алкышына ээ болгон. "Балачагымдан бери кыргыз улутундагы досторум менен ойноп жүрүп, кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп алгам. Учурда эркин сүйлөп, өз оюмду толук түшүндүрүп, жол эрежелерин бузган айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин бузбоо керектиги тууралуу кыргыз тилинде түшүндүрөм. Айрым жарандарыбыз таң калышса, кээ бирөөлөрү батасын берип кетишет",-дейт Аброр.

Ошондой эле, каарманыбыз спорт менен дагы алектенет. Жашы жыйырма төрттө болгону менен бул жаатта дагы көп ийгиликтерди багындырган. "Спорт ар бир адамдын өмүрүндө өзгөчө орунга ээ экендигин баарыбыз жакшы билебиз. "Дени сактын-жаны сак" дегендей, спорт менен машыккан адамдын ден соолугу мыкты болуп, жашоого, жанындагы досторуна, башка адамдарга болгон көз карашы, мамилеси дагы жакшы нукка өзгөрөт десек жаңылышпайбыз. Бул касиеттер милиция кызматкерлеринде дагы болууга тийиш",-дейт кесиптешибиз Аброр.

Милициянын старшинасы Аброр Хакимов 8 жашынан бери спорттун таэкфондо жана кикбоксинг түрү менен талыкпастан машыгып келет. Эл аралык, республикалык жана облустук деңгээлдеги мелдештерге, турнирлерге катышып, байгелүү алдыңкы орундарды дагы багындырып келген. Спортто жогорку жетишкендиктерге жетип, жаштайынан спортто жеңилгенди билбеген Аброр кикбоксинг, таэкфондо боюнча спорттун эл аралык чебери, ушу саньда боюнча спорттун чебери аталып, Кыргызстандын желегин башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерде, турнирлерде сыймыктануу менен желбиретип жүргөндүгүн баса белгилеп келет. Мекенимдин патриотумун деп эсептеген Аброр мекенге кызмат өтөөнү дагы көздөп учурда милициянын кайгуул кызматы бөлүмүндө иштөөдө.

Спорттогу ийгиликтерине көңүл бура турган болсок, Аброр Хакимов 2014-жылы Россиянын Анапа шаарында өткөн Кикбоксинг боюнча Дүйнө кубогунда 1-орунду (63 кг салмакта) элеген. 2015-жылы Италиянын Рим шарында өткөн Кикбоксинг боюнча Дүйнөлүк мелдеште 1-орунду алган. 2016-жылы Европа чемпионатында 1-орунду (67 кг салмакта) жеңген. Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн Кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган. Мелдешке 58 мамлекеттен 754 спортчу катышкан. Андан сырткары, кесиптешибиз Аброр кикбоксинг боюнча 7 жолку Кыргызстандин биринчилигин багындырып, эл аралык мелдештерде 1-орунду ээлеп, 3 жолу Азиянын чемпиону болгон.

Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД