Кара-Кечеде көчкү түшүп, экскаваторду басып калды

Жумгал районунда жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кенинин забоюнда бүгүн саат 13:30 чамасында жер көчкү (көлөмү такталууда) түшкөн.

Жер көчкү ошол жерде иш алып барган жеке ишкананын 1 даана экскаваторун басып калган.

Айдоочусу жабыркаган эмес, ал ошол учурда унаада жок болгон.

Кырсык катталган жерге саат 17:30да райондук ЖК комиссиясы жана КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.

Учурда жеринде тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД