Бишкекте 22 көчөдө жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Тизме

Бишкек шаарындагы 22 көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, Абдымомунов көчөсү Манас кең көчөлөрүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктады.

Оңдолгон участоктун жалпы узундугу 620 метрди түзөт. Оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин жолдун туурасы 8 метр, тротуардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин жетет.

12 көчөдө асфальт-бетон төшөлмөнүн үстүңкү жана төмөнкү катмарын төшөө иштери жүрүп жатат:

- Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;

- Ак-Босого жаңы конушундагы Архитектор көчөсү Киргизская көчөсүнөн көпүрө куруу МККга чейин;

- Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;

- Энесай конушундагы Култегин көчөсү вокзалындагы Гидростроителей көчөсүнөн Энесай-20 көчөсүнө чейин;

- Кривоносов көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;

- Коенкөзов көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Чуйков көчөсүнө чейин;

- Маликов көчөсү Гагарин көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

- Шералиев көчөсү Жайыл Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;

- Жайыл-Баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

- Шабдан-Баатыр көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Миң-Булак көчөсүнө чейин;

- Кулатов көчөсү Каракульская көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;

- Турусбеков көчөсү-Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин.

4 көчөдө жер казуу жана асфальт-бетон аралашмасын төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, төмөнкү көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүгү ачык:

- Жеңиш конушунун Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн Жеңиш көчөсүнө чейин;

- Түгөлбай-Ата көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин;

- Ынтымак конушунун Стадионная көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Магистраль көчөсүнө чейин;

- Карасаев көчөсү Байтик-Баатыр көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин.

Жогорудагы көчөлөрдүн тротуарында курулуш иштери уланууда.

Ошондой эле борбор калаанын 2 көчөсүндө аялдама, жол белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө жана ушул жумада ачылышы пландалып жатат:

- Ашар көчөсү Лущихин көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

- Кара-Жыгач конушунун Дордой көчөсү Анкара көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин.

Эскерте кетсек, "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө куруу пландалууда.

https://www.super.kg/kabar/news/384333/


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД