Айпери Медет кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышууда. Башында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөшүп, алгач эле бутуна кирип эки упай топтой алды. Көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда дагы кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша аттуу спортчунун далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишке ээ болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД