Өзбекстанда поезд тебелеп кеткен келиндин денеси бөлүнүп калды

Өзбекстанда поездге тебеленген жаш келин көз жумду. Анын денеси бөлүнүп калган. Трагедия 24-майда Сырдарыя облусунда болгонун өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалымат боюнча, окуя тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине саат 13:30 чамасында түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум электропоездге капысынан урунуп, окуя болгон жерде көз жумганы айтылды.

Кийин анын аты-жөнү такталып, Хаваст районундагы Гүлбахар айылынын 22 жаштагы тургуну экени белгилүү болду. Учурда тергөө уланып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД