Канат Керезбеков жана Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Канат Керезбеков КСДП фракциясынан, Мейкинбек Абдалиев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болгон. Алар өздөрү берген арызынын негизинде мандатынан ажыратылды.
Жогорку Кеңештин эки депутатынын күбөлүгү анык эмес деп табылды.