2021-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракети токтотулган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ИК-47 мекемесинин кызматкерлери 14,5 литр сыраны колонияга өткөрүүгө аракет кылып жатып, 1993-жылы туулган К.Р.К аттуу жаранды кармашкан. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, топтолгон материалдар андан ары териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.