Жылуулук боюнча көйгөйлөр жаралса, кайда кайрылуу керек? Байланыш номерлер

Учурда "Бишкек жылуулук тармагы" күчөтүлгөн режимде дем алышсыз иштеп жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Мындан сырткары түндө иштөө үчүн ыкчам топтор түзүлүп, иш алып барууда.

Жылуулук берүү жана ысык суу боюнча суроолор жаралса, төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

1980 611169,

0557 611166,

0777 611166,

0701 611166.

Белгилей кетчү жагдай, аталган ишкана 132 миң абонентти, анын ичинде 71 медициналык мекемелерди, 80 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана 54 мектепти жылуулук менен камсыз кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД