Бишкекте өрттүн кесепетинен 4 жашар кыз көз жумду

Бишкекте өрттүн кесепетинен 4 жашар кыз көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрда Ленин районунун Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүүчү цехтен чыккан. Өрт саат 13:26да чектөөгө алынды.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 4 жашар кыз каза болгон (аты-жөнү такталууда). Өрттүн аянты болжол менен 125чарчы метрди түзөт.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД