Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарына Түркстан аркылуу учууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, 31-майдан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылат.
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын "FlyArystan" авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки жолу - дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.
Учуу убактысы: 1 саат 15 мин.