Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды

Салык кызматы 2021-жылдын 10 айынын ичинде бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн 31 млрд 146,3 млн сом суммасында камсыз кылды, бул белгиленген пландан 686,3 млн сомго же 102,3 пайызга көп. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 880,6 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 118,6 пайызды түздү.

2021-жылдын октябрь айында суммасы 3 млрд 221,6 млн сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү бюджетке түшкөн, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 100,4 пайызды түздү же 11,6 млн сомго көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 429,9 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 115,4 пайызды түздү.

Салык кызматы камсыздандыруу полистерин чогултуу боюнча планды да ашыгы менен аткарды.

Алсак, 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки мезгил ичинде (болжол менен) 729,3 млн сом чогулду, аткаруу 124,2 пайызды түздү же 142,3 млн сомго көп болду.

Өткөн жылга салыштырмалуу 284,1 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 163,8 пайызды түздү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД