БШК "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси үгүт эрежесин базган деп тапты

БШК "Бишкек" эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаровду шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин бузган деп тапты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы "Бишкек" эркин экономикалык аймактын жетекчиси Кудрет Тайчабаровду карындашы, президенттин кеңешчиси, "Ынтымак" партиясынын талапкери Адинай Мариповага үгүт жүргүзүп, шайлоо эрежелерин бузду деп тапты.

Кудрет Тайчабаровго чара көрүү сунушу президенттин администрациясына жөнөтүлдү.

Эске салсак, ал 24-октябрда өзүнүн Facebook баракчасына депутаттыкка талапкер, карындашы Адинай Мариповага арнап пост жазган.

Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт иштери 29-октябрда башталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД