
МБКнын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ири көлөмдө контрабандалык тамекилерди кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө 2021-жылы 5-ноябрда "Достук" өткөрүү пунктунун аймагында МБКнын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын резиденти ЖЧК "А" дарегине бара жаткан транспорт каражаты кармалган. Автотранспортту текшерип кароодо жүк салынуучу жеринде ири көлөмдө товар - "PLATINUM SEVEN" маркасындагы фильтри менен тамеки табылган. Муну менен бирге товар коштоочу документтерде иш жүзүндө жок болгон товар – жалпы салмагы 16 000 кг түзгөн "токулбаган кездеме" көрсөтүлгөн.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Маалыматты катоо журналында катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.