"ЕБ - БА" экинчи экономикалык форуму Казакстанда өтөт

"Евробиримдик - Борбор Азия" экинчи экономикалык форуму Казакстанда өтөт. Бул тууралуу "ЕБ - БА" биринчи экономикалык форумунун жүрүшүндө президенттин администрация жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров форумду жыл сайын мүчө өлкөлөрдүн борборунда өткөрүү чечилгенин айтты.

"Өз кезегинде форумдун катчылыгы Бишкекте уюштурулуп, биринчи форумдун жыйынтыгына көз салып, кийинкилердин ишин координациялайт", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД