
Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев бүгүн, 3-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын утуп алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.
Мелдеш 1-7-ноябрь күндөрү Белград шаарында өтүүдө.
Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридисти 12:2 эсебинде жеңип, кийинки баскычка өттү.