Волейбол боюнча күч түзүмдөрүнүн ортосунда мелдеш болуп өттү

ЖАМКнын кайтаруу жана күзөтүү департаментинде ички кызматтын подполковниги Абжалбек Жанаевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке маркумдум достору, туугандары, кесиптештери жана 6 команда катышты. ИИМдин Ички аскерлери, Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институту, Коопсуздук жана Куралдуу Күчтөр башкармалыгы, ЖАМКнын департаментинин командалары жана Абжалбек Жанаевдин досторунан түзүлгөн команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду КР ИИМнин Ички аскерлеринин командасы, 2-орунду Абжалбек Жанаевдин досторунун командасы жана 3-орунду Аскер институтунун командасы ээледи.

Бул мелдешти ар жылы өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД