Эрназар Акматалиев жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын байгени утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридисти, чейрек финалда ирандык Али Акбар Али Аскарды, жарым финалда азербайжандык Мурад Евлоевди утуп финалга чыкты.

Финалда балбаныбыз армениялык балбан Вазген Теванянды 10:2 эсебинде жеңип, жеңүүчү аталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД