
Кыргызстандык спортчу Бекболот Мырзаназар уулу Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.
Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.
Алтын үчүн кармашта Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг) азербайжандык Алиаббас Рзазадеге 7:6 эсебинде утулуп, чемпионаттын күмүш байгесин жеңди.