
"Түндүкэлектро" электр энергиясын пайдалануу боюнча электр эсептегичтерине чектөө киргизди. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, суу-энергетика ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана электр энергиясын колдонуунун белгиленген лимитин сактоо максатында "Түндүкэлектро" ААКы электр эсептегичтерине электр энергиясын колдонуу боюнча чектөө киргизди.
Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 кВтка чейин, ал эми 3 фазалуу абоненттер үчүн 10 кВтка чейин электр энергиясын колдонуу киргизилди.