
Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) айланма жолдо болгон жол кырсык тууралуу маалымат берди.
Ведомстводон белгилешкендей, маршрутка менен жеңил унаанын катышуусундагы кырсыктын кесепетинен маршрутканын айдоочусу каза болуп, 18 жүргүнчү жаракат алып ооруканага жаткырылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды этият болууга жана жол эрежесин бузбоого чакырат.