Абакка баңги затын киргизүүгө аракет кылышкан

2021-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан №8- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан тыюу салынган буюмдарды колонияга киргизүү аракети токтотулган. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында мекеменин кызматкерлери тарабынан атайын жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат (болжолдуу түрдө гашиш) желим баштыкка оролгон жалпы салмагы 680 граммды түзгөн 2 таңгак кармалды.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД